Ноокатта мугалимдер арасында «Мыкты педагогикалык макала» сынагы өттү

Ноокатта мугалимдер арасында «Мыкты педагогикалык макала» сынагы өттү

Билим АКИpress - Ноокат районунда алгачкы жолу «Мыкты педагогикалык макала» кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынак райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук каанасынын усулчулары тарабынан уюштурулган.

«Жыйынтыгында 1-орунду Г.Эргешов атындагы «Бел- Өрүк» орто мектебинин география мугалими Элмира Нишанбаева «Окуучуларды баарлашуу маданиятына, толеранттуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоодогу педагогикалык көйгөйлөр» деген тема менен камсыз кылды. 2-орунду К.Бобулов атындагы Баргы мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Зульфия Козубаева алды. Ал эми 3-орунга Р.Хужамов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Алишер Жусупов менен Н.Исанов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Салтанат Мажитова ээ болушту», - дейт З.Мамасадыков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up