Тоңдогу 3 мектептин окуучулары облустук «Манас таануу» сынагына катышат

Тоңдогу 3 мектептин окуучулары облустук «Манас таануу» сынагына катышат

Билим АКИpress - 2019-жылдын 18-февралында Тоң районунун Ж.Алтымышбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде «Манас таануу» таймашы ѳткѳрүлдү. Сынакка 23 мектептин 8-11-класстарынын окуучуларынан түзүлгѳн командалар катышты.

Иш-чаранын максаты — «Манас» эпосун сактоо, изилдѳѳ жана жаш муундар арасында кеңири жайылтуу.

Таймаштын жыйынтыгында Т.Мырзамамбетов, К.Тилеков, Ж. Бѳкѳнбаев атындагы мектептер байгелүү орундарды алышып, облустук таймашка катышууга жолдомо алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up