Мугалимдер менен медиктердин эмгек акысы соттор адилеттүү болгондо жогорулайт, - президент

Билим АКИpress - Мугалимдер да, медиктер да эмгек акынын жогорулашына зар болууда. Бул тууралуу соттордун курултайында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

Анын айтымында, алардын эмгек акысы сот бийлиги адилеттүү боло баштаганда көтөрүлөт. «Бардыгы өз ара тыгыз байланышта. Муну эске алуу менен биз артыкчылыкты сот системасына бердик, бирок азырынча силер тараптан эч нерсе кайта элек», - деди президент сотторго кайрылып.

С.Жээнбековдун сөзүнө караганда, өлкөдө башка тармактарды каржылоо зарылдыгы өкүм сүргөндүгүнө карабастан, сот системасына жетиштүү каражаттар бөлүнүп жатат.

«2018-жылы сот системасына 1 млрд 555 млн 958 миң 200 сом бөлүнгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 14,4%га көп. Ал эми 2019-жылга 2 млрд 154 млн 617 миң 100 сом каралган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 38%га көп», - деди өлкө башчы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up