Кыргызстандагы мектептерге 3 миңге жакын мөмө-жемиш бактар тигилет (сүрөт)

Кыргызстандагы мектептерге 3 миңге жакын мөмө-жемиш бактар тигилет (сүрөт)

Билим АКИpress - Мектептеги тамактануунун эл аралык күнүнө карата БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы «Азык-түлүк жана айыл чарба» уюму менен биргеликте Чүй облусунун 15 мектебинде 3 миңге жакын алма бактарын тигүүнү башташты. Продукция мектептик тамактануунун ар түрдүүлүгүн жана туруктуулугун жакшыртуу үчүн колдонулат.

Алгачкы 120 түп көчөт Орловка айылындагы Кудряшов атындагы №1 орто мектепте тигилди. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия элчилигинин, БУУ ДАТП жана БУУ ФАО өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты — ден соолукту чыңдоону, билим берүү деңгээлин жогорулатууну жана өсүп келе жаткан муунду өстүрүүнү шарттаган мектептик тамактануунун сапатын жакшыртуу.

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын тамактануусу билим берүү системасынын ишинин стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө, Россиянын туруктуу финансылык колдоосунда мектептик тамактанууну оптималдаштыруу боюнча программаны ишке ашырат.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 525 мектебинде ысык тамактануу уюштурулуп, башталгыч класстардын 145 миңден ашык окуучуларына сапаттуу түшкү тамак берилет.

«Биз мектептик тамактануунун сапатын жакшыртууга, ошондой эле анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга умтулабыз. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу биз мектептик каржылоонун, анын ичинде мектеп алдындагы фермалардын жана бакчалардын эсебинен каржылоонун варианттарын изилдеп, тестирлөө жүргүзүүдөбүз. Жалпы күч-аракет менен биз Кыргызстандын ар бир окуучусунун толук кандуу өсүшү жана өнүгүүсү үчүн сапаттуу жана пайдалуу түшкү тамактанууну камсыз кыла алабыз», - деди БУУ ДАТПнын өлкөлүк директору Андреа Баньоли.

Мектеп алдындагы чарбалар — бул мөмө-жемиш бактары, жашылча өстүрүүчү бакчалар, күнөсканалар же фермалар. Алар мектеп менюсун өзү өндүргөн продукт менен түрдүүлөтүүнүн эң натыйжалуу жана аз чыгымдуу ыкмаларынын бири болуп саналат жана мектепти кошумча киреше менен камсыз кылат. Мектеп багы жана бакчалары толук баалуу тамактануу жана таза диетикалык адаттарга көндүрүү жагында окуучуларды жана алардын үй-бүлөлөрүн агартуунун, ошондой эле туруктуу айыл чарба жана ишкерлик иш жүргүзүү көндүмөрүн алуунун уникалдуу шайманы болуп саналат.

«Окуучулар мөмө-жемиш бактарынын өсүшүнө күн сайын байкоо эле жүргүзүшпөстөн, буга түздөн-түз катышат. Мындай мектеп алдындагы чарбалар турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана курчап турган чөйрөгө карата жоопкерчиликти жогорулатууга өбөлгө болот. Биз үчүн бул планетанын ар бир тургуну, ал тургай эң кичинекей тургуну аракеттенип жана ачкачылыкты жоюу боюнча глобалдуу күч-аракетке өзүнүн салымын кошо баштагандыгын көрүү абдан маанилүү.

Ал эми окуучулар үчүн театрлаштырылган майрам өткөрдүк — Таза тамактануу фестивалы. Ал балдарда сергек жашоо ыңгайына жана туура тамактанууга кызыгууну калыптандырууга чакырат. Балдар россиялык тармактык тамак тануу институту өткөргөн театрлаштырылган оюн-зоокторго, мастер-класстарга, сынактарга жана викториналарга катышты», - деп белгиледи БУУ ФАО өкүлү Динара Рахманова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up