Нарындык мугалимдер спорттук мелдешке түшүштү (видео, сүрөт)

Нарындык мугалимдер спорттук мелдешке түшүштү (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын администрациясы тарабынан мугалимдер арасында «Көңүлдүү старт» аттуу спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чарага мугалимдерден куралган 4 команда катышты. Мелдештин жүрүшүндө командалар «Таяк тартыш», «Аркан тартыш», «Чоюн көтөрүү», «Кап кийип жарышуу» тапшырмаларын аткарышты.

Жыйынтыгында 1-орунду «Динамит», 2-орунду «Торнадо», 3-орунду «Алгоритм» командалары алышты. Жеңүүчүлөргө мектеп администрациясынын тиешелүү даражадагы дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up