Жалдагы «Манас» университети көп аймакты ээлеп алган, - БШК депутаты

Жалдагы «Манас» университети көп аймакты ээлеп алган, - БШК депутаты

Билим АКИpress - Кыргыз-Түрк «Манас» университети бөлүнүп берилгенден да көп аймакты ээлеп алган, деди 28-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Музуралиев турак жай коммуналдык чарба боюнча БШК комиссиясынын жыйынында.

Ал «Манас» университетине Жал кичи районунан 6 га жер бөлүнгөнүн билдирди. «Бирок алар 6 гектардан да көп жерди ээлеп алышкан. Жакында окутуучу менен ызы-чуу болгон. Бул чыр учурунда университет ашыкча аймакты ээлеп алганы аныкталды», - деди Мурзалиев.

Ал мэрияга материалдарды көтөрүп, университетке канча жер бөлүнгөнүн аныктоону тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up