ИИМ Академиясынын кызматкерлери Бишкектеги №47 бала бакчанын тарбиялануучуларына жол эрежелерин үйрөтүштү

ИИМ Академиясынын кызматкерлери Бишкектеги №47 бала бакчанын тарбиялануучуларына жол эрежелерин үйрөтүштү

Билим АКИpress - ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Ленин районундагы бала бакчада жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган академиянын басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Ленин районундагы №47 бала бакчанын тарбиялануучуларына жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн. Иш-чаранын максаты — балдардын катышуусунда болуп жаткан жол-транспорт кырсыктардын алдын алуу жана балдарга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга практикалык оюндарды жана усулдук ыкмаларды колдонуу менен видеосабактар көрсөтүлдү. Соңунда балдарга белектер берилди.

Ушул сыяктуу иш-чараларды мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан сырткары, Бишкек шаарындагы орто мектептерде дагы өткөрүү пландалууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up