Сузакта башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окуу сынагына катышты (сүрөт)

Сузакта башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен бирге китеп окуу сынагына катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Сузак районунун Көгарт орто мектебинде билим алган 1-4-класстардын окуучулары менен ата-энелерден куралган командалар арасында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларына арналган китеп окуу боюнча сынак өттү. Бул тууралуу USAID уюштурган «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору Самара Юлдашева билдирди.

Анын маалыматына караганда, сынак учурунда окуучулар Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын ролдоштуруп аткарышты жана ата-энелеринин жардамы менен колго жасалган китептерди келген конокторго тартуулашты. Окуганын түшүнүү көндүмдөрүн көрсөтүү үчүн чыгармалардан үзүндү окуп, айтып беришти. Ошондой эле Ч.Айтматов жана анын чыгармалары боюнча сүрөттөрдү тартышты. «Көмөч» жомогу боюнча да сценкаларды коюп, чыгармалардан үзүндүлөрдү көркөм окуу боюнча күч сынашып, концерт коюшту.

«Бул иш-чарага катышкан ата-энелер балдарынын китеп окуу көндүмдөрүн мындан ары дагы өркүндөтүүгө жигердүү катышууга кызыкканын белгилешти. Ата-энелер азыркы учурда сабагына катышууга тезирээк мектепке келип калышты жана үйдө биргелешип китеп окууга көбүрөөк маани берип, убакыт бөлүп калдык дешти», - деди аталган мектептин башталгыч классынын мугалими Венера Сулайманова.

Иш-чарага жалпысынан Сузак районундагы 5 мектептин 15ке жакын мугалимдери, 45 окуучу, 25 ата-эне, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Самара Юлдашева, «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун түштүк аймагы боюнча координатору, Бактыгүл Анарбаева, Аскат Алимбеков, улуттук тренерлер, Көгарт мектебиндеги 11 башталгыч класстын мугалимдери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Сынак Сузак районунун билим берүү башкармалыгы, АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулду. Максаты — башталгыч класстардын окуучуларынын компетенттүүлүгүн жана окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу. Ошондой эле китеп окууга ата-энелерди тартуу жана балдардын китеп окууга кызыгуусун, китепти сүйүү сезимин бекемдөөдө алардын маанилүү ордун белгилөө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up