Ошто окуучуларга жол эрежелери жана укук бузуулар тууралуу айтып беришти

Ошто окуучуларга жол эрежелери жана укук бузуулар тууралуу айтып беришти

Билим АКИpress - Ош облусу боюнча ЖКККБ кызматкерлери 24-апрель күнү окуучуларга жол эрежелери жана жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча сабак өтүштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Араван районунун Т.Ысмаилов жана Көчүбаев атындагы орто мектептеринин окуучулары жол эрежелери жана өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалымат алышты.

Кызматкерлер окуучулар менен мугалимдерге жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти. Сабак учурунда жол чырактар, жол белгилери, жолдон өтүүдө жөө жүргүнчүлөрдүн милдеттери жана жол кыймылынын эрежелери тууралуу түшүндүрмөлөрдү беришти.

Ошондой эле Ош облусунун аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында майрам күндөрү өз алдынча отуруштарды уюштурууга жол бербөө максатында РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери окуучуларга, алардын ата-энелерине алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up