Нарында бүтүрүү кечеси өтпөйт! Кафелер, эс алуу жайлары текшерилет

Билим АКИpress - Нарында бүтүрүү кечесин өткөрбөө, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча милиция кызматы мугалимдер менен бирге жер-жерлерде рейддерди жүргүзүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан К.Эсенгулова билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын РИИБдин демилгеси менен райондун аймагындагы мектептерде акыркы коңгуроо күнү коомдук тартипти жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында жыйын өттү. Ага мектеп директорлору, алардын тарбия иштери боюнча орун басарлары, Нарын РИИБдин башчысы, милициянын подполковниги Б.Токтакунов, райондун прокурору Т.Касымбеков жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белеков катышты.

«Иш-чарада өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо, кылмыш жана башка кырсыктардын алдын алуу боюнча кызуу талкуу жүрүп, акыркы коңгуроо аземин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу багытында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Нарын районунун аймагында жайгашкан эс алуучу жайларын көзөмөлдөө, кечки майрамдарды уюштурбоо максатында рейддерди уюштуруу боюнча чечим милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекторлор жана мугалимдер тарабынан биргеликте кабыл алынды», - деди К.Эсенгулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up