Сузактагы окуучуларды акыркы коңгуроодо терс кѳрүнүштѳрдѳн алыс болууга чакырышты

// Turmush

Билим АКИpress - Сузак райондук прокуратурасы менен Сузак РИИБи мектептерде жолугушууларды ѳткѳрүштү. Анда мектеп окуучуларына акыркы коңгуроодо ар кандай терс кѳрүнүштѳрдѳн алыс болууга чакырган сѳздѳр айтылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.

Жолугушууга Сузак райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бѳлүмүнүн, аксакалдар сотунун, жаштар кеңешинин жана аялдар кеңешинин ѳкүлдѳрү катышты.

Иш-чарада милиция тарабынан парктар, эс алуучу жайлар кѳзѳмѳлгѳ алынары белгиленди. Мындан сырткары, бүтүрүүчүлѳрдүн кымбат унаалар менен эс алуусуна жол берилбей турганы айтылды. Мектеп бүтүрүүчүлѳрү тарабынан акча чогултулуп, белек алууга жана алардын кѳңүл ачуучу жайларга барып, эс алууга мүмкүн эмес экендиги эскертилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up