Ноокатта «Алтын тамга» аттестатына ээ болгон 5 бүтүрүүчү «Мыкты окуучу-2019» төш белгисин тагынышты (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ноокат районундагы 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болушту. Бул тууралуу 29-май күнү Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиялык кеңешмесинде райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев маалымдады.

Анын айтымында, 2017-2018-окуу жылында облус боюнча Ноокат районунан 2 окуучу гана «Алтын тамгага» ээ болсо, 2018-2019-окуу жылында облус боюнча 7 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алышты. Алардын ичинен 5 бүтүрүүчү — Ноокат районунан болду.

«Кызыл» аттестатка татыган окуучулардын бири — М.Нурматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурматова Айбегим. Ал эми калганы «Ноокат Билимкана» лицейинин бүтүрүүчүлөрү — Акылбекова Самара, Алмазбек кызы Мадина, Шарипова Айсулуу, Кутманбек кызы Наргиза.

Бул окуучулар Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Мыкты окуучу-2019» төш белгилери менен сыйланып, сыйлыкты Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Нияз Козуев тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up