Чүй облусунда «Жылдын мыкты мугалими-2019» сынагы өтүп жатат (сүрөт, видео)

// Turmush

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча жалпы билим берүү орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими-2019» аттуу республикалык сынагынын облустук туру өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынакка 8 талапкер катышып, өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн, методикалык чеберчилигин көрсөтүшүүдө.

«Сынакка ар бир район-шаарлардан жеңүүчүлөр келишкен. Сынактын облустук турунун жалпы жобосуна ылайык, 29-майда ачылышы өткөрүлдү. Анда Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директору Р.Султанов куттуктоо сөзүн сүйлөп, талапкерлерге чыгармачылык ийгилик каалады. Бүгүн өзүн-өзү тааныштыруу, тест жүргүзүү жана эссе жазуу тапшырмалары аткарылат. Эртең, 30-майда көргөзмөлүү ачык сабактар өтүлөт.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен «Жылдын мыкты мугалими-2019» сынагынын жеңүүчүсү аныкталмакчы», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up