Жаш мугалимдер Салима Эшаматова менен Баяз Тологонов — Чүй облусундагы эң мыкты мугалимдер (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча орто мектебинде республикалык «Жылдын мыкты мугалими - 2019» сынагынын облустук туру аяктады. Анда 8 талапкердин арасынан Салима Эшаматова менен Баяз Тологонов жеңүүчү деп табылды. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн директору Райымбек Султанов аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, сынак 2 күнгө созулган. Алгачкы күнү талапкерлерди жана катышуучуларды каттоо жүргүзүлүп, ачылыш салтанаты өткөрүлдү.

«Сынактын 1-күнү өзүн тааныштыруу, тест жана эссе жазуу иш-чаралары өттү. Ошондой эле мугалимдин педагогикалык-методикалык иш тажрыйбаларын ачыктаган көргөзмөлөр калыстар тобунун кароосуна коюлду. Ал эми сынактын 2-күнү көргөзмөлүү ачык сабактар өткөрүлдү.

Калыстар тобунун чечими менен төмөнкү талапкерлерге орундар жана номинациялар ыйгарылды:

- 1-орун — Аламүдүн районундагы №1 Васильевка орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Салима Эшаматова 1-даражадагы диплом жана сыналгы менен сыйланды.

- 1-орун — Панфилов районунун А.Осмонов атындагы орто мектебинин чет тилчи мугалими Баяз Тологонов 1-даражадагы диплом жана чөнтөк телефону менен сыйланды.

- 2-орун — Кемин районунун С.Кудайбергенова атындагы Кароол-Дөбө орто мектебинин физика мугалими Бурулсун Кусеинова 2-даражадагы диплом жана жылытуучу меш менен сыйланды.

- 3-орун — Москва районунун Биринчи май орто мектебинин музыка мугалими Василий Алгереев 3-даражадагы диплом жана чаң соргуч менен сыйланды.

Ал эми калган 4 катышуучуга Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылды:

- «Эң мыкты сабак» номинациясы — Сокулук районундагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элиза Каратаева;

- «Дебют - 2019» номинациясы — Кара-Балта шаарынын Д.Шопоков атындагы №9 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлназ Зикирова;

- «Эң мыкты презентация» номинациясы — Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө караштуу А.Пушкин атындагы №1 гимназиянын башталгыч класстарынын мугалими Анна Лещук;

- «Мыкты көргөзмө» номинациясы — Ысык-Ата районунун К.Жакыпов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Аманбек кызы Жазгүл.

2 күнгө созулган сынактын жыйынтыгында Аламүдүн районунан катышкан 30 жаштагы Салима Эшаматова менен Панфилов районунан катышкан 26 жаштагы Баяз Тологонов Чүй облусундагы эң мыкты мугалим деп табылды», - деп айтып берди Р.Султанов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up