Бүтүрүүчү-2019: Кара-балталык классташтар Гүлиза менен Назаркул «Алтын тамганын» ээси болушту (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатыр атындагы №12 орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү Гүлиза Жоодарбекова менен Медербек уулу Назаркул «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болушту. Бул тууралуу аталган мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Кумаркүл Чойкараева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Жайыл баатыр атындагы №12 орто мектеби — окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн билим берүү мекемелеринин туңгуч баштоочусу. Ал 1993-жылы алгачкы коңгуроосун каккан, учурда 18 бүтүрүүчүнү билим уясынан учурууда.

«Мектебибизден 18 бүтүрүүчү турмуш жолуна аттанууда. Алардын ичинен окуудагы жетишкендиктерин көрсөткөн классташтар Гүлиза Жоодарбекова менен Медербек уулу Назаркул «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өтүшкөн. Гүлиза келечекте котормочу, Назаркул инженер кесиптерине ээ болууну самашат. Алардын көздөгөн максаттарына жетүүсүнө толук негиз бар. Анткени педагогикалык-методикалык чеберчилиги жогору мугалимдерден билим-тарбия алышты. Ошондон улам акыркы коңгуроо аземинде шаардык мэрия тарабынан 4 предметтик мугалимге ардак грамота ыйгарылган. Бир класстан 2 окуучунун «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болуусу мектептеги билим сапатынын көрсөткүчүн айгинелеп турат.

Баса, Назаркулдун Айнура жана Айтолкун аттуу бир тууган эжелери да бул мектепти «Алтын тамга» аттестаты менен аякташкан.

Айнура Кыргыз-Түрк «Манас» университетин аятаган. Ал эми Айтолкун учурда Медакадемияда окуйт. Бир үй-бүлөдөн 3 «Алтын тамгага» ээ болуу сыймыгын үлгүлүү үй-бүлө деп айтуубуз абзел», - деп айтып берди К.Чойкараева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up