Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамганы» алган Асел Мамытова лингвистика факультетин тандады

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы Ж.Касымбаев атындагы №2 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Асел Мамытова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алды. Аймактык кабарчы бүтүрүүчү менен таанышты.

«Жалпы республикалык тестирлөөдөн район боюнча жогорку упай алгандардын сап башында болдум. Мен 194 упай алдым. Эми Кыргыз-Түрк «Манас» университетине же Бишкек гуманитардык университетине тапшырганга аракет кылам. Лингивистика факультетин тандадым. Учурда кыргыз, орус, англис тилдерин билем. Келечегим кең жана жаркын болот деп ишенем. Мага ушундай татыктуу тарбия берген ата-энеме, мугалимдериме ыраазымын.

Менин класс жетекчим Галина Кислова — эң мыкты, эң күчтүү мугалим. Ал бизге бөлгөн убактысын, сүйүүсүн, аракетин эч ким жасабаса керек», - деди ал.

Асел Мамытова 2002-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

«Атам — Данияр Мамытов жеке менчик ишканада коопсуздук кызматынын башчысы болуп эмгектенсе, апам Таалайкүл Керимкулова мен окууган мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. Менден улуу эжем Айдана — студент», - деп айтып берди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up