Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамгага» ээ болгон Ислам ЖРТдан да жогорку упай топтоду

Ислам Токтогазиев
Ислам Токтогазиев

Билим АКИpress - Сокулук районундагы Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин бүтүрүүчүсү Ислам Токтогазиев «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алып, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«ЖРТдан 218 упай алдым. Жогорку упай топтойм деп ойлогом, анткени тестке жакшы даярдангам. Кудайым буюрса, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалымат технологиялары факультетине барам. Келечекте программист болгум келет.

Мени өсүп келе жаткан жаштардын эмнеси өкүндүрөт? Мени өкүндүргөнү — билим алууга умутулбаган жаштардын көптүгү. Коомдун көпчүлүк бөлүгү билимдүү, маданияттуу болсо, бардык тармакта, бардык иште өнүгүү болот.

Менин класс жетекчим — Дзевульская Алла Аркадьевна. Ал бизге орус тили жана орус адабиятынан сабак берет. ЖРТдан жогорку упай топтой алышыма А.Аркадьевнанын салымы чоң. Бош убактысы болсо бизге кошумча сабактарды өттү, бизде суроолор пайда болсо бардыгына жакшы түшүндүрүп жооп берет. Кээде суроолорубуз сабакка тешеси жок, жашоо өңүтүндө болсо да эринбей жооп берет. Биз, 11-«Б» класстын окуучулары үчүн Алла Аркадьевна жөн эле мугалим эмес, экинчи эне болду десем жаңылышпайм», - деди ал.

Ислам Нарын облусунун Нарын шаарында 2001-жылы 1-февралда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийин 2 иниси жана 2 карындашы бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up