Бүтүрүүчү-2019: Физиканы мыкты билген Айжан мектепти «кызыл» аттестат менен аяктады

Айжан Бакбурганова
Айжан Бакбурганова
// АКИpress

Билим АКИpress - Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин бүтүрүүчүсү Айжан Бакбурганова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айжан 2001-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Жалпы республикалык тестирлөөдөн 168 упай алдым. Кудайым буюрса, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде же Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде билим алууну көздөп жатам. Татыктуу билим алгым келет. Кыргызстанда жаңы инновациялык технологиялар тармагы өнүгүп, ага атайын адистер талап кылынат деген ой менен ушул багытты тандадым.

Мектепте физика боюнча райондук, облустук олимпиадаларга катыштым. Физика мугалимим Эдита Нарынбековага абдан ыраазымын. Менин класс жетекчим — Дзевульская Алла Аркадьевна. Ал мыкты мугалим: аябай сылык, тыкан, айкөл, өз ишине берилген инсан. Ага биз ыраазыбыз», - деди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up