Нарындагы А.Аралбаев мектебинде Т.Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Бурул Орозалиева билдирди.

Маалым болгондой, тарых мугалимдери жана мектеп парламенти тарабынан жолугушуу кечеси уюштурулуп, ага райондун акиминин орун басары Кымбатжан Аттокурова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков жана ардагер мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар тарабынан Т.Усубалиевдин ишмердүүлүгү сахналаштырылып, ыр-бийлер аткарылды. Ошондой эле мугалимдер Т.Усубалиевдин балалык кези, үй-бүлөсү, өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү, тарыхтан алган орду, өлкө үчүн жасаган иштери туурасында кызыктуу баяндамаларды жасашты.

«Мындай иш-чаралар улантылып, алдыда жолугушуу кечелери, тегерек столдор жана башка иш-чаралар өткөрүлмөкчү», - деди мектеп директору Чынара Абдыкадырова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up