Сокулукта долбоор менен иштөөгө багытталган семинар өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс-гимназиясында «Долбоор менен иштөө аркылуу окуучулардын изденүүсүн, чыгармачылыгын жана сөз байлыгын арттыруу» деген темада райондук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу гимназиянын директорунун мамлекеттик тил боюнча орун басары Лира Орозалы кызы аймактык кабарчыга айтып берди.

Иш-чарага окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги окуучуларга кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалимдер катышты.

«Райондук семинардын башкы максаты — долбоордук ишмердүүлүктү арттыруу жана ал аркылуу билим сапатын көтөрүү. Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата 6 көргөзмөлүү ачык сабак жана класстан тышкаркы 2 иш-чара өтүлдү.

Мектебибиздин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — окутуунун жаңы технологияларын колдонуу менен сапаттуу билимге жетишүү, орус тилинде окуган окуучулардын кыргыз тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, кеп маданияттуулугун жогорулатуу.

Окуучулар менен жүргүзүлгөн аракеттер долбоордук ишмердүүлүктө иш жүзүнө ашырылат. Алгач мугалим кандайдыр бир теманы интерактивдүү такта сыяктуу техникалык каражаттарды колдонуу менен маалымдайт. Ошол маалыматтан окуучулар эң негизгилерин бөлүп, анализдейт. Тактап айтканда, өз түшүнүгүнө жараша маалымат топтойт. Анализ, синтез усулдарын колдонуу менен алган маалыматтарынын негизинде компьютерде же башка технологиялык жол менен слайд-шоу жасайт. Аны кайрадан окуу процессинде презентациялайт», - деп айтып берди Лира Орозалы кызы.

Семинарда китеп көргөзмөсү уюштурулуп, мектепке саякат жасалды. Гимназиянын таланттуу окуучулары тарабынан бийлер тартууланып, «Манас» эпосунан үзүндү айтылды. Комуз күүлөрү чертилип, жагымдуу музыкалык чыгармалар аткарылды. Ошондой эле мугалимдердин өз ара тажрыйба алмашуу борборуна айланган иш-чарада окутуунун жаңы технологиялары колдонулду.

Учурда аталган гимназияда 98 мугалим 2 миң 773 окуучуга билим-тарбия беришет. Окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн гимназияны билим берүүнүн мыктысы Лира Сыдыкова жетектейт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up