Ак-Талаадагы М.Баетов мектебинин мугалимдери эми ноутбук менен сабак өтүшөт (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылындагы М.Баетов атындагы орто мектебинин мугалимдери ноутбуктарга ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган орто мектептин мугалимдери мындан ары ноутбуктун жардамы менен окуучуларга билим беришет.

Мектепте жалпы 23 мугалим болсо, анын 19у өз каражаттарынын эсебинен ноутбук сатып алышты. Бул өлкөнү санариптештирүү жылына карата электрондук ыкма менен сабак өтүүгө белсенишкендигинен кабар берет.

«Жалпы 23 мугалим эмгектенебиз. 3 мугалими пенсия курагында. 19 мугалим каражат чогултуп, ноутбук алууга жетиштик. Ар бирибиз бирден барып алсак, ноутбуктун баасы кымбат болуп калат экен. Ошондуктан дүңүнөн сатып алсак арзан түштү», - деди мугалимдердин бири.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up