Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылындагы Соң-Көл орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалим Бурул Майрамбек кызы карантин учурунда окуучуларга онлайн-сабак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Онлайн-сабак «Дүйнөнү дүңгүрөткөн коронавирус» деген темада болду. Окуучулар сабакка кызыгып, коронавирустун алдын алуу боюнча маалымат алышты.
Бурул Майрамбек кызы окуучуларга башка темаларда да онлайн-сабактарды өтүүдө.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

