Жумгалда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, бир катар агартуучулар сыйланды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районунда 14-сентябрда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Район боюнча жалпы 23 орто мектеп, 1 мектеп-гимназия бар. Аларда жалпы 860 мугалим иш алып барат. Ошондой эле 24 бала бакчада 123 тарбиячы эмгектенип, тарбиялануучулардын саны 1730ду түзөт. Балдардын бакчага тартылыш көрсөткүчү — 65,4%. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү 3 сааттык 8 бала бакча бар.

Кеңешмеге жалпы орто мектептерден 300гө чукул агартуу тармагынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле район башчысы – аким Жамшит Матанбаев, орун басары Фатима Өмүралиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Насыбалы уулу, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы Бегимкан Жамантаева катышып, жалпы мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

Аким Жамшит Матанбаев райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы жана 2 миң сом акчалай сыйлык менен төмөнкү мугалимдерди сыйлады:

- Көк-Ой айылындагы С.Турусбеков атындагы орто мектебинин директору Кудайберген Чалов;

- Кабак айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектебинин директору Токтобек Ысыранов,

- Куйручук айылындагы А.Сулайманов атындагы орто мектебинин директору Бактыгүл Карымшакова,

- Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин директору Гүлжан Жээнбекова,

- Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалими Зина Айтбаева.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты:

- Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Самат Калдыбек уулу,

- Жаңы-Арык айылындагы «Кызарт Таң-Нуру» бала-бакчасынын тарбиячысы Наргиза Жээнтаева,

- Жаңы-Арык айылындагы Касымбек уулу Мамбетаалы орто мектебинин директору Эржан Асанов,

- Байзак айылындагы Айткул Автандил уулу бала бакчасынын тарбиячысы Алмакан Шамшыкеева,

- Чаек айылындагы О.Ногойбаев атындагы орто мектебинин мугалими Тахмина Шекербекова,

- Чаек айылындагы Т.Турсунбаева мектеп-гимназиясынын мугалими Гүлнара Алыбаева,

- «Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Кулпунай Рустамбек кызы.

Билим берүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылык кат менен Жумгал райондук жапы дарыгерлер практикалык борбору, Кочкор-Жумгал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Миң-Куш жана Чаек айыл өкмөттөрү, «Кыргызтелеком» ААКнын Жумгал райондук бөлүмү, Жумгал РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы сыйланды.

Ошондой эле Нарын облустук билим берүү бөлүмү тарабынан М.Алыбаев атындагы орто мектебинин мугалими Жыргалбек Сулаймановго ыраазычылык кат тапшырылды.

Жумгал районундагы орто мектептер 15-сентябрда окуучуларды кабыл алып баштады.

Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть