Жаштарга болгон мамлекеттик мамилени түп-тамырынан тарта кайра карап чыгууну ойлонуштуруудабыз, - президент

Билим АКИpress - Деги эле жаштарга болгон мамлекеттик мамилени түп-тамырынан тарта кайра карап чыгууну ойлонуштуруудабыз, деди президент Садыр Жапаров 25-ноябрда элдик курултайда

««Жаштар — биздин келечегибиз» деген сөздү көп айтабыз, бирок жаштарга туура багыт көрсөтүп, келечекке болгон көз карашын, мамлекеттик кызыкчылык, улуттук кызыкчылык дегенди айырмалай билүүсүн, коомду кабыл алуусун калыптандырууда, жаштарга камкордук көрүүдө кайдыгерлике жол берип коюп жатабыз.

Мындан ары маселенин ушул жагына терең маани берүү аракетин көрүүдөбүз. Сиздерден да ушул багыттагы ойлоруңуздарды ортого салууну суранат элем», - деген пикирин билдирди президент.

Ошону менен бирге, анын айтымында, бүгүнкү замандын реалдуулук шартында илимдин, техниканын жана инновациянын өнүгүү деңгээли коомдун өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

«Муну эске алуу менен мамлекет, биринчи кезекте, илим багытын өнүктүрүү үчүн жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу процессин жана илимди түздөн-түз жашообузда пайдаланууну ишке ашыра турган ынанымдуу далилденген багыттарга өзгөчө көңүл бурат.

Биз өлкөдө болгон инновациялык мүмкүнчүлүктөр өндүрүштүн керектөөлөрүнө дал келбесе, илим менен өндүрүштүн байланышынын үзүлүшүнө алып келерин унутпашыбыз кажет. Бул өтө маанилүү жагдай», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал буга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыкканын эске салды.

«Муну менен өлкөнүн 5 университети кеңири уюштуруучулук, каржылык, академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө макамга ээ болушту. Эми ал университеттер инновациялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү илимий борборлорго айланат», - деди өлкө башчы.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up

Закрыть Закрыть