Агрардык университетте жаңы окуу-илимий лаборатория ачылды

Билим АКИpress - 14-мартта К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженердик-техникалык факультетинин «Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу» кафедрасында «Калыптанма энергия булактарын өзгөртүү жана айыл чарба машиналарын башкаруу боюнча автоматташтырылган системалар» аттуу окуу-илимий лабораториясынын ачылышы болду.

Иш-чарага университеттин ректору, академик Р.Нургазиев, УИАнын Машина таануу жана автоматика институтунун директору, техн.и.д., профессор Б.Султаналиев, факультеттин деканы техн.и.д., профессор Ж.Темирбеков жана АЧЭА кафедрасынын профессор-окутуучулары катышты.

Ачылуу аземинде т.и.д., профессор И.Кадыров лабораториянын милдети, аткарган жумушу жана келечектеги максаттары жөнүндө баяндама жасады.

Иш-чаранын соңунда К.И.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, академик Р.Нургазиев менен УИАнын Машина таануу жана автоматика институтунун директору, т.и.д., профессор Б.Султаналиев илимий кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь