АЭУнун студенттери кош диплом программасынын алкагында АКШда окуп жатышат

Билим АКИpress - Глобалдашуу жана эл аралык интеграция негизги ролду ойногон заманбап дүйнөдө кош диплом күн сайын актуалдуу болуп баратат. Буга байланыштуу студенттерде эл аралык маданияттарды, тилдерди жана окутуу методдорун терең түшүнүүгө болгон муктаждык өсүүдө.

«Ала-Тоо» эл аралык университети (АЭУ) студенттерге кош диплом алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берген окуу жай катары өзгөчөлөнүп турат. Ар кайсы өлкөлөрдөгү абройлуу университеттер жана билим берүү институттары менен өнөктөштүк аркылуу АЭУ студенттерге эл аралык билим берүү стандарттарына, ошондой эле ар кандай маданий жана билим берүү контексттерине жол ачып берүүдө. АЭУнун IT-факультетинин студенттери Бермет Маматжалилова менен Жылдызбек Жалынбеков АКШ визасын ийгиликтүү алып, учурда кош диплом программасынын алкагында IT-багытында 3-курста окуп жатышат.

Студенттердин айтымында, АЭУ аларды дүйнөлүк коомго кошулууга жакшы даярдаган. Биздин студенттер Силикон өрөөнүндөгү окуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Бермет: «Башында көнүп кетүү канчалык кыйын болот деп чочулагам»

«Мен Computer Science бөлүмүнүн студентимин. Биринчиден, бул жерде сабактарды тандоо эркиндиги жакты десем болот. Өзүмдүн ыңгайлуулугума жараша сабактарды жана саатын тандап алуу мүмкүнчүлүгү мен үчүн өзгөчө болду. Кампуста ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер көп. Алар менен достошуп, улуттар аралык байланышты өркүндөтүүдөмүн. Мен өзүм уялчаак адам болгондуктан, башында көнүп кетүү канчалык кыйын болорун ойлоп тынчсыздандым, бирок белгилүү болгондой, университеттин окутуучулары абдан меймандос экен. Мага окутуу ыкмасы, айрыкча курстар деңгээлдерге бөлүнүшү жакты. Мисалы, АЭУда биз Web Programming сабагын окуганбыз, мындан улам мен бул жерде Advanced Web курстарын окуй алам. Бул жакта англис тилин жогорку деңгээлде сүйлөшөт, бирок мен үчүн эч кандай көйгөй жаратпайт, анткени мен АЭУда англис тилинде окуу тажрыйбасына ээмин. Биз Educational Courses сыяктуу сабактарын алып, АКШнын тарыхын жана өкмөт тузүмдөрүн окуп жатабыз, себеби бул жердеги билим берүүнүн бардык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү маанилүү. Ошондой эле, мен ийкемдүү окуу мүмкүнчүлүктөрүн баалайм. А

ЭУнун эң маанилүү колдоосу, менин оюмча, NAUда окууга мүмкүнчүлүк берүү болду. NAUда кош диплом программасы боюнча окуп жаткан студенттерден бардык предметтерди кайра окуу талап кылынбайт, ошондуктан мен АЭУда албаган предметтерди алып окуп жатам. Мындан тышкары жайкы мезгилде айрым курстарды бир айдын ичинде онлайн окуп бүтүрө алсак болот. Эки диплом алуунун артыкчылыктары, албетте, эбегейсиз. Бул менин эки башка университетте окуганымды гана белгилебестен, мага кеңири эл аралык тажрыйбаларды берип, келечектеги карьералык өсүшүмө чоң түрткү берет. Чет өлкөдө билим алууга, эл аралык тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн университетиме жана окутуучуларыма ыраазычылыгымды билдиргим келет. Менин негизги максатым — университетти ийгиликтүү аяктап, бул жерде стажировкадан өтүү. Мындан ары Кыргызстанда IT-тармагын өнүктүргүм келет».

Жылдызбек: «NAUда дүйнөнүн ар тарабынан келген күчтүү студенттердин окугандыгы мени аябай шыктандырат»

«Бул жерде мен Software Engineering бөлүмүндө окуйм. Негизи, мени NAUда жана АЭУда эл аралык тажрыйбага ээ мугалимдерден билим алуу мүмкүнчүлүгү озгөчө кызыктырат. Бул жердеги сабактар жалпысынан окшош, бирок NAUда Американын билим берүү системасы боюнча өтүлөт. Азыр мен жаңы чөйрөгө ыңгайлашып, жергиликтүү маданиятка аралашууга аракет кылып жатам. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн тандалган студенттер бар экенин байкадым жана бул мага күчтүү мотивация берип жатат. Профессорлор жөнүндө айтсам, алар бай тажрыйбага жана жогорку адамдык сапаттарга ээ.

Мен АЭУнун даярдоо курсунун жардамы менен англис тилин жакшы өздөштүргөнүмдү белгилеп кетким келет, ал эми азыр жогорку деңгээлде активдүү сүйлөшүүгө аракет кылып жатам. Азырынча практика боюнча маалымат белгисиз, бирок бакалавр даражасын алгандан кийин тажрыйба топтоп, жумуш табууга бир жыл убакыт берилет. Ала-Тоодогу окутуучуларыма программага тандоо учурунда жана окуу процессинде чоң колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Эки өлкөнүн университеттеринин дипломуна ээ болуу менин ITдеги карьерама күчтүү таасир этет деп ишенем. Университетти аяктагандан кийин, IT компаниялардын биринде стажировкадан өтүп, өз стартапымды баштоону пландап жатам».

Студенттер кош диплом программанын катышуучусу болуу үчүн 1-курстан баштап жогорку академиялык көрсөткүчтөргө ээ болуп, кылдаттык менен даярданган.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором