Кызматташуунун алкагында АЭУнун студенттери Германияда болушту

Билим АКИpress - 2023-жылдын ноябрь айынын аягында АЭУнун Менеджмент кафедрасынын 15 студенти жана окутуучулары Германиядагы Цвиккау колдонмо илимдер университетине SDG туруктуу өнүгүү максаттары боюнча DAAD долбоорунун алкагында барып келишти.

Ошондой эле Өнүгүү экономикасы кош дипломдуу магистрдик программасынын студенттери окутуучулар менен бирге академиялык иш-чараларга активдүү катышышты.

Кызматташуунун алкагында кыска мөөнөттүү изилдөө долбоорлорун жүргүзүү үчүн АЭУнун окутуучуларынын Цвиккауга сапарын уюштуруу демилгелери талкууланды, ошондой эле Цвиккаунун изилдөөчүлөрү жана жаш Ph.D студенттери АЭУнун Silk Road изилдөө борборуна келүүнү пландаштырууда. АЭУ Цвиккау колдонмо илимдер университетине жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирет.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария авторизуйтесь