ОшТУда Ооган согушунун ардагерлери сыйланды

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде Ооган согушунун ардагерлери сыйланды.

Ректор, профессор Жанболот Турсунбаев Ооган согушунун 36 жылдыгына карата ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү максатында университетте эмгектенген Ооган согушунун ардагерлерин куттуктады. Ректор ардагерлерди кабыл алып, алар ар дайым көңүл борборунда экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлык тапшырды.

Окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева ардагерлерди куттуктап, комитеттин сыйлыктарын тапшырды.

Университеттин жетекчилигине Ооган ардагерлери ыраазычылык билдиришти.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором