Ата мекенди коргоочулар күнү: ОшТУда мырзалар сыйланды

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде 23-февраль — Ата мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.
Окуу жайдын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Багдагул Тиленбаева университеттеги мырзаларды майрамы менен куттуктап, кесиптик бирликтин фондунан 14 кызматкерди көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу сыйлыктар менен сыйлады.
Ошондой эле бир нече кызматкерлер төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйланышты.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төш белгиси менен:
1. 1.Дуйшоев Сатывалды — Курулуш өндүрүшү кафедрасынын профессору;
2. Жунусалиев Акылбек Сайдазович — Гуманитардык- технологиялык колледжинин доценти.
Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин ардак громатасы менен:
1. 1.Зулпукаров Жакшылык Алибаевич — Колдонма математика жана информатика кафедрасынын доценти;
2. Исманов Өмүрбек Марипжанович — Маалымат технологиялары жана башкаруу кафедрасынын доценти;
3. Чилдебаев Бакытбек Суюнбекович — Электр жабдыктары жана жылуулук энергетика кафедрасынын доценти.
Мындан сырткары 23 кызматкер быйылкы жылы 50,60,70 жашка толгондугуна байланыштуу юбиляр кызматкерлер катарында кесиптик бирлик тарабынан диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.