ОшТУнун студенттери «КМШнын мыкты студенти» сыйлыгына ээ болду

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинин студенттери «КМШнын мыкты студенти» сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдын билдиришти.
Маалыматка караганда, сыйлык Инновациялык маалыматтык технологиялар институтунун студенттери Тойчуев Алманбет, Амиров Эрнис, Абдрахманов Азат жана Индустриалдык-педагогикалык институтунун студенти Турдумаматова Бермет, Технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун студенти Үсөнова Акмаралга билимге, илимге, спортко жана маданиятка кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүүлүгү үчүн берилди.
Алар «Bilim-orkenieti» улуттук инновациялык изилдөө борборунун жана «Жаңы Казакстан» республикалык инновациялык борборунун диплому, «Мыкты студент» медалы жана «КМШнын мыкты студенти» күбөлүгү, эстелик айкели менен сыйланышты.
Ийгиликке жеткен студенттерди ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев кабыл алып, алардын мындан ары дагы мыкты жетикендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирип, окууларына ийгликтерди каалады.
Буга чейин да ОшТУнун студенттери мындай сыйлыкка ээ болуп келишкен.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.