ОшТУнун студенттеринин илимий иштери: Балыр протеин жана малга тоют катары колдонула баштайт

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү технологиялары кафедрасында студенттер тарабынан илимий иштер жүргүзүлөт.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул илимий иш биотехнологиялык багытта болуп, айыл чарбасындагы айрым көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.
«Топурактын бетинде, сууда көптөгөн көзгө көрүнбөгөн майда организмдер — микробалырлар жашайт. Алардын арасында адам баласынын тиричилиги үчүн эң керектүү болгон түрлөрү бар. Мисалы: жашыл балырлардан хлорелла менен сценедесмус. Бул балырлардын курамында 50-60% протеин, түрдүү аминокислоталар, липиддер, полисахариддер жана минералдык элементтер бар. Бул балырлардын баалуулугу суспензия түрүндө колдонсок үрөндөрдүн, маданий өсүмдүктөрдүн жакшы өсүп, өрчүп, түшүмдү көп беришин камсыздандыруу. Себеби бул балырлар биостимулятор, биофунгицид жана бактерициддик сапаттарга ээ болуп, өсүмдүктөрдү түрдүү илдеттерден сактайт.
Ал эми балырлардын башка да перспективдүү түрлөрү бар, алар спирулина менен азабынан балырлары. Бул балырлар көк-жашыл балырлар бөлүмүнүн өкүлдөрү, өзгөчөлүгү спирулина курамында 60% жогору протеин топтойт жана тамак-аш өндүрүшүндө, тоют багытында, фармацевтика, косметологияда мааниси абдан чоң. Көк жашыл баларлар азотфиксатор болуп эсептелинет. Башкача айткан абанын курамындагы инерттүү азотту сиңирген, топуракка жана сууга өткөрүп берип, айрыкча топурактын кыртышын азотко байытат», - деп айтылат маалыматта.
ОшТУнун студенттери ушул багытта изилдөө иштерин жүргүзүп, микробалырлардан протеиндик азыктарды алууга, мал, тоок, балык чарбачылыгы үчүн өтө керектүү болгон белоктук-витаминдик тоюттарды өндүрүүгө жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктө биостимулятор, органикалык жер семирткичтерди алып жатышат.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.