Профессор Адилжан Маруфий 78 жашында дүйнөдөн кайтты

Билим АКИpress - 2025-жылдын 28-мартында педагог-окумуштуу, техника илимдеринин доктору, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин профессору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги Маруфий Адилжан Таджимухамедович 78 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Адилжан Маруфий 1947-жылы 1-январда Ош шаарында туулган.
Ал В.В.Куйбышев атындагы Москва инженердик-курулуш институтун 1969-жылы аяктап, өнөр жай жана жарандык курулуш адистиги боюнча инженер-куруучу квалификациясы ыйгарылган.
Эмгек жолу:
- 1969-1971-жылдары СССРнын Тынч океандык чек аралык аймагынан аскер кызматкери;
- 1971-1972-жылдары Ош үй курулуш комбинатынын бөлүм башчысы;
- 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунда (ФПИ) окутуучу болгон;
- 1980-жылы кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин ФПИнин Оштогу кечки факультетинин жалпы техникалык дисциплина секторунун башчысы;
- 1984-1991-жылдары «Колдонмо механика» кафедрасынын башчысы;
- 1991-2011-жылдары ОшТУнун инженердик-курулуш факультетинин деканы болуп эмгектенип, инженердик адистерди даярдоо системасындагы 50 жылдык эмгек жолунда жүздөгөн инженер-куруучуларды даярдаган.
2004-жылы «Развитие теории расчета плит и полос на упругом основании с учетом неполного контакта с основанием» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, академик В.И. Травуштун колдоосу менен кыргызстандын түштүгүндө жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен деформацияланган негизде конструкцияны эсептөө теориясы боюнча кыргыз мектебин ачууга жетишкен.
А.Маруфийдин жетекчилиги алдында 3 кандидаттык диссертация жакталып, бир диссертациялык жумуш диссертациялык кеңешке тапшырылган.
А.Маруфий «Деформацияланган негиздеги конструкцияларды эсептөө теориясы» чөйрөсүндөгү ири адис катары таанымал болгон.
Ал 55 окуу-методикалык колдонмону иштеп чыгып, алардын ичинен 3 монография (2003-жыл, Москва шаары, 2006,2014- жылдары Бишкек шаары) жана 12 окуу куралы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыгарылган. Мындан сырткары анын 198 илимий макаласы жарык көрүп, Кыргызпатент багытында 16 автордук укукка ээ болгон.
А. Маруфий билим берүү тармагындагы көп жылдык жигерлүү эмгеги үчүн «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин (1994-жыл), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери» ардак наамынын (2008-жыл) ээси болуу менен ага «Кыргыз туусу» гезити жарыяланган сынакта «2013-жылдын эң мыкты окумуштуусу» номинациясы ыйгарылып, Ош шаарынын мэриясынын, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Фрунзе политехникалык институтунун (КМТУ), Ош технологиялык университетинин бир нече жолку жылдын мыкты лектору, окутуучу-методист, окумуштуу изилдөөчү, профессору номинацияларынын жеңүүчүсү, ОшТУнун жана коомдук уюмдардын ардак грамоталарына татыктуу болгон.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.