ОшТУда бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик майрамы белгиленди

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде 3-апрель — бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик майрамына карата бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан «Санариптештирүү шартында Кыргызстандагы бухгалтерлер жана аудиторлордун ишмердүүлүктөрүн уюштуруудагы көйгөйлөр жана перспективалар» аттуу семинар уюштурулду.

Семинарга окуу жайдын жетекчилиги, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын, бизнес коомчулуктун, бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү, окутуучулар, студенттер жана магистранттар, ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору У.Ж.Мамытов, экономика жана башкаруу институтунун директору  А.М.Хамзаева, КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Т.Р.Зулпукаров, Ош шаардык клиникалык оорукананын башкы эсепчиси  А.М.Мырзакасымов катышты.

Семинарда «Бухгалтердик эсеп боюнча илимдин Кыргызстандагы абалы жана өнүгүүсү» деген темада БЭжА кафедрасынын доценти, э.и.к.  П.К.Алишева, «Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык чарбалык субъекттерде бухгалтердик эсепти өнүктүрүү» деген темада КРнын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Эркинбай уулу У., «Кыргыз Республикасында аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук ишмердүүлүктүн өнүгүүсү» деген темада БЭжА кафедрасынын профессору, э.и.д.  М.Ж.Абдиев баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бухгалтердик эсептин учурдагы абалы, эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук ишмердүүлүктүн өнүгүүсү боюнча суроо-жооптор талкууланды. Ошондой эле келген конокторго университет менен тыгыз байланышта болуп, студенттерге теориялык алган билимдерин практикалык уюштуруу иштерине активдүү катышып, билимге ынтызар жаштарды тарбиялап өстүрүүгө салым кошуп жаткандыктан окуу жайдын атынан ыразычылык каттар ыйгарылды.

Семинардан кийин экономика жана башкаруу институтунун кафедралар арасында волейбол оюну уюштурулуп, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл  Тиленбаева тарабынан алдыңкы оорундарга баалуу сыйлыктар, белектер берилди.

 

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором