ОшТУда «ТИКБнын көйгөйлөрү жана келечеги» окуу семинары өттү

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун түштүк аймагындагы координаторлору үчүн «ТИКБнын көйгөйлөрү жана келечеги» аттуу окуу семинары өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Түлөбердиева ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев менен жолугуп, ТИКБнын ишмердүүлүгү тууралуу пикир алышты.
Иш-чараны Дамира Түлөбердиева ачып берип, семинардын катышуучуларына ийгилик каалады. Мамлекеттик фонддун ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү колдоо бөлүмүнүн башчысы Жетигенова Айгерим Жетигеновна Кыргыз Республикасындагы ТИКБнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле т.и.к., улук илимий кызматкер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, пайдалуу кендердин геологиясы кафедрасынын профессору, ТИКБнын координатору Нурлан Калдыбаев Нурлан Ош технологиялык университетинин базасындагы ТИКБнын 2013-2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана ойлоп табуучулук-инновациялык иш- аракеттерди өнүктүрүүнүн усулдары тууралуу баяндама жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө автордук укук объектилерин каттоо, өтүнмө берүүнүн эрежелери, жамааттык башкаруу түшүнүгү боюнча суроо жооптор болду. Жыйынтыгында катышуучулар теманын алкагында талкуу жүргүзүштү.
Окуу семинары илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.