Кытайдын Харбин инженердик университетинин делегациясы ОшТУнун аймагында арча көчөттөрүн отургузду

Билим АКИpress - Кытайдын Харбин инженердик университетинин делегациясы Ош технологиялык университетинин аймагында арча көчөттөрүн отургузушту.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул иш «Жашыл мурас» жалпы улуттук өнөктүгүнүн алкагында экологиялык абалды жана абанын тазалыгын жакшыртууга салым кошуу жана түбөлүк достуктун символу катарында аткарылды.
Иш-чарага ректор Жанболот Турсунбаев жетектеген курам жана Харбин инженердик университетинин делегациясы катышты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.