Чет элдик университеттер тарабынан берилген PhD даражаларын таануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери каралды

Билим АКИpress - Мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жүрүшүндө билим берүү жана илим системасында бюрократизмди жоюу боюнча чаралар каралды.
Жыйында каралган негизги сунуш катары чет өлкөлүк университеттерде алынган PhD даражаларын таануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү болду.
Атап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:
• ТОП-100 дүйнөлүк рейтингине кирген университеттен алынган PhD даражасын автоматтык түрдө таануу жана илимдин доктору даражасына теңөө;
• ТОП-200 дүйнөлүк рейтингине кирген университеттен алган PhD даражасын автоматтык түрдө таануу жана илимдин кандидаты даражасына теңдөө;
• Дүйнөлүк рейтингдерге кирбеген чет өлкөлүк университеттерден алган PhD даражасын диссертациянын сапатын баалоонун негизинде илимдин кандидаты даражасына теңөө.
Мындай ыкмалар чет өлкөлүк алдыңкы университеттерде билим алган жаш окумуштууларды жана окутуучуларды Кыргызстандын илимий жана окуу жайларына тартууга, натыйжада улуттук илим жана жогорку билим берүү системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.
Сунушталган механизм авторитеттүү эл аралык рейтингдерге ишенимге негизделет жана басымды ашыкча формалдуу процедуралардан илимий ишмердүүлүктүн сапатынын объективдүү көрсөткүчтөрүнө бурууга мүмкүндүк берет.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.