Португалиялык профессор ОшТУдагы окутуучулар үчүн семинар өткөрдү

Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунда «Португалиялык менталитет, анын дүйнөлүк жана европалык туруктуу бизнеске кошкон салымы» деген темада семинар болуп өттү.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чараны бизнес башкаруу жана социалдык иш кафедрасы уюштурду. Семинарды Португалиянын Лиссабон университетинин профессору Жорже Филипе да Силва Гомеш өткөрдү. Иш-чара англис тилинде өтүп, окутуучулар үчүн эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүгө, тил практикасын өнүктүрүүгө жана келечектеги академиялык мобилдүүлүккө жол ачты.

«Семинардын жыйынтыгында ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев профессор Жоржеге ыраазычылык билдирип, меймандостук жолугушуу өткөрдү. Иш-чара эки тараптуу кызматташтыктын жана билим берүү тармагындагы эл аралык байланыштарды чыңдоонун жаркын мисалы болду», - деп айтылат маалыматта. 

 

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором