Биринчи май районунда «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынагы өттү
Билим АКИpress - Улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана тарбиячылардын чыгармачылык потенциалын колдоо максатында Биринчи май районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагы өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгында «Мыкты тарбиячы» номинациясы боюнча 1-орунду №1 жана №93 бала бакчалардын тарбиячылары ээлешти.
«Мыкты адис» номинациясында №5 бала бакчанын адиси жеңүүчү деп табылды.
Бардык жеңүүчүлөр шаардык сынакка катышууга жолдомо алышты.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.