10:56 17 января 2018

Якутиялык балдар кыргыздын улуттук оюндарын ойношот

Жакында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучусу профессор Таалай Үмөтөв Якутиянын жаш балдарына кыргыздын улуттук оюндарын тааныштырды. Окутуучу оюндар жөнүндө буларга токтолду:

«Оюндарды туура шарты менен ойносо, жаш балдардын аӊ-сезиминин өсүшүнө, бири-бири менен мамиле түзүүгө жана башка көптөгөн жакшы сапаттарга үйрөтөт. Адатта, биз балдарыбызды алаксытыш үчүн бар ойно деп чүкөлөрдү берип коёбуз. Бирок аны менен чогуу ойноп, түшүндүрүүгө көп көӊүл бөлбөйбүз. Бул биздин жаӊылыштыгыбыз. Себеби ар кандай улуттук оюндар аркылуу балдарыбызга таалим-тарбия берерибизди билбейбиз. Байкасаӊар, ар кандай улуттук оюндарды ойногондо улутка же аймактарга бөлүнбөй бир максатты көздөйт. Ошондуктан мен бала бакчаларда бул оюндарды үйрөтүп келем. Якутиядагы балдар абдан кызыгуу менен ойношту, тарбиячыларга дагы кызык болду. Жакында КМТУнун студенттери менен дагы улуттук оюндардын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, ар кандай сынактарды уюштурууну пландаштырып жатабыз», - деди Россия Федерарациясынын педагогикалык жана социалдык илимдерининин академиги профессор Таалай Үмөтов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть