12:16 29 январь 2018

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Иранда алтын медаль тагынды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин укук таануу адистигинин 3-курсунун студенти Калы Сулайманов Иран мамлекетинде өткөн грек-рим күрөшү боюнча Takhti Cub 2018 эл аралык турниринде алтын медаль тагынды. Белгилей кетсек, аталган турнир 25-январда Бендер-Мехшехр шаарында башталган.

Калы Сулайманов 63 килограммга чейинкилер менен күч сынашып, жарым финалда ирандык спортчу Мохаммади Нурбахшини 3:0 эсебинде утуп алган.

Ал эми К. Сулайманов чечүүчү таймашта казакстандык Кудайберген Турсунов менен күрөшүп, 7:2 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

Машуктыруучусу Алтын Саалаевдин берген маалыматында, спортчу улуттук команданын грек-рим күрөшү боюнча мүчөсү. Спорттун чебери, ошондой эле ал 2016-жылы Франциянын Мароко шаарында орун алган жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда биринчиликти жеңген. Ал эми 2017-жылы Түркмөнстан Республикасынын Ашхабад шаарында жабык имараттар арасындагы V Азия оюндарында чемпиондук наамды багындырган. Андан сырткары, бир катар Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть