15:46 9 февраля 2018

Политехте жаш академиктер сыйланды

9-февралда И.Раззаков атындагы КМТУнун чоӊ жыйындар залында Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу жабылышы өттү. Анда Жогорку Кеӊештин депутаттары, ойлоп табуучу рационализаторлор, академиктер, окумуштуулар, завод жана ишканалардын эмгек сиӊирген кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан келген окуучулардын делегациялары катышты. Бул жерде «Илим + ойлоп табуу = техника» республикалык илимий-техникалык олимпиадасынын жеӊүүчүлөрү сыйланып, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган Өтмө кубок тапшырылды. Ал эми БРИТА тарбиялануучуларына окуудагы жана чыгармачылык ишмердүүлүктөгү өзгөчө ийгиликтери үчүн “Жаш академик” ардак наамы ыйгарылды.

Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы 2018-жылдын 5-февралынан 10-февраль күндөрү Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган окуучулардын республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрдү.

Окуучу жаштарга арналган Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы билим берүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк багыттагы жаркын жана маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Анын мааниси — Кыргызстандын окуучуларын Жумалыктын жүрүшүндө өлкөбүздүн белгилүү окумуштуулары жана ойлоп табуучулары, өндүрүштүн алдыӊкылары жана эмгек ардагерлери менен жолугуштуруу, ЖОЖдорго, заводдорго, фабрикаларга, өнөр жай ишканаларына, ошондой эле алардын арасына Улуттук Илимдер академиясы кирген ири илимий-изилдөө борборлоруна баруу мүмкүнчүлүгүн берүү. Мындан тышкары, жумалыктын программасы кызыктуу сынактарды, викториналарды жана интеллектуалдык оюндарды өзүнө камтыды.

Жумалыктын алкагында республиканын билим берүү мекемелеринде “Окумуштуулар — балдарга”, “Техника күнү”, “Өндүрүш күнү” акциялары өттү. Кыргызстандын окуучулары окумуштуулар менен ойлоп табуучулардын өздөрүнөн дүйнөлүк илимдин жетишкендиктери, ошондой эле өлкөбүздө илим менен экономиканын өнүгүү преспективалары тууралуу уга алышты, өнөр жай ишканаларына жана айыл чарба фирмаларына барышты, жаӊы технологиялык процесстер, Кыргыз Республикадагы чакан жана орто бизнестин өнүгүү өзгөчөлүктөрү менен тааныша алышты. Өз кезегинде, жумалыктын жүрүшүндө балдар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрү менен ийгиликтерин көрсөтүп, биргеликте техникалык чыгармачылык көргөзмөлөрү ачылып, изилдөөчүлүк, ойлоп табуучулук жана экономикалык долбоорлор жакталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды

Автордун башка жаңылыктары

Политех келишимге кол койду

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть