12:11 22 февраля 2018

Ош технологиялык университетине 55 жыл

Ош технологиялык университетине 55 жыл. 24-февраль Ош технологиялык университетинин күнү. Бүгүн, эрте менен окуу жайдын бардык студенттери жана жалпы мугалимдери катышкан чоң салтанат өттү. Алгач гимн жаңырып, КРнын, Ош шаарынын жана ОшТУнун желеги көтөрүлдү. Университеттин ректору, профессор Абдыкадыр Абидов окуу жайдын жалпы эмгек жамаатын, студенттерин бүгүнкү ОшТУнун күнү менен куттуктады.

Ош технологиялык университетинин тарыхы 1963-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун Ош шаарындагы жалпы техникалык факультети ачылган күндөн башталган. ОшТУда бүгүнкү күндө 7 факультет, 3 институт жана 2 колледж бар. 40тан ашуун кафедрада 500дөн ашуун профессордук-окутуучулук курам эмгектенет. Алардын ичинен академиктерди, илимдин докторлорун жана профессорлорун, 100дөн ашуун илимдин кандидаттарын жана доценттерин өзгөчө бөлүп көрсөтсөк болот.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть