12:08 16 март 2018

ОшТУда "Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз" сынагы өттү

Бүгүн Ош технологиялык университетинде “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” эл аралык жаш ойлоп табуучулар кароо-сынагы өттү.

Иш-чара Ош облустук балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулуп, Ош технологиялык университетинин колодоосунда өттү.

Сынакка Ош областынын райондорунан, мектептерден окуучулар катышып, жалпысынан 100дөн ашуун жаш ойлоп табуучулар катышты.

"Иш-чараны өткөрүүнүн максаты — республикалык жаш ойлоп табуучулар кароо-сынагына балдарды тандап алуу", - дейт Ош облустук балдар чыгармачылык борборунун усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Турдубаева.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть