2018-жылдын 6-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо борборунун Турмуш-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын подполковниги Мамбетов М.Т., аталган кафедранын окутуучусу лейтенант Анарбай кызы Г., Жарандык коргонуу кафедрасынын улуу инструктору Клевцова В.П., КУАУнун техникалык коопсуздук жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башкы адиси подполковник Жайлообаев Ж.М. тарабынан “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” жана “Алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандар жана жарандарды эвакуация кылуунун эрежелери” боюнча окуу өткөрүлдү.
Иш-чарага: КУАУнун профессор-окутуучулар курамы, университеттин кызматкерлери жана студенттер катышышты. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга өрт учурунда колдонулуучу шаймандар жана жарандарды эвакуациялоо боюнча машыгуулар көрсөтүлдү.
15:20 6 апреля 2018
Агрардык университетте эвакуация кылуунун эрежелери боюнча окуу өткөрүлдү
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Автордун башка жаңылыктары
ЖКнын депутаты Нурлан Шакиев КУАУда болду
КУАУнун жамааты Ысык-Көлдө өткөн спартакиададан байгелүү кайтышты
×
Вход
Забыли пароль - восстановить
Нет аккаунта - создать
регистрация
Уже есть аккаунт? - войти
Восстановление
Уже есть аккаунт? - войти