10:38 17 мая 2018

Арабаев атындагы университетте Кыргызпатент Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форум өткөрөт

Иш-чаранын аталышы: Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган “Жаштарды маданиятка тарбиялоодогу Айтматовдун чыгармаларынын ролу” аттуу форум.

Уюштуруучу тарап: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.

Убактысы: 18-май 2018-жыл, 9:00-15:30

Дареги: И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин башкы корпусу. Бишкек ш. Киев көч., 51-а

Саат 13:00 Залкар жазуучунун Ата-Бейиттеги эстелигине гүл коюлат.

Форумдун жүрүшүндө анын чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмөсү болуп өтөт.

Илимий жыйындын тили: кыргыз, орус жана түрк тилдеринде өтөт.

Илимий жыйынга алдын ала келип түшкөн материалдардын негизинде залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган атайын илимий макалалардын жыйнагы жарык көрдү.

Форумдун ишине окумуштуулар, жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, магистрант, аспиранттар катышат. Форумдун катышуучуларын куттуктоо үчүн элчилер, Кыргыз Республикасынын жазуучулар, сүрөтчүлөр, композиторлор, кинематографисттер Союздарынын төрага, өкүлдөр, Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик үмил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы, академиктер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөлөрү сөз сүйлөйт.

Илимий жыйын төмөнкү багыттарда өтөт:

1. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;

2. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы тарбия, маданият маселелеринин көркөм адабиятта изилдениши;

3. Ч.Айтматовдун чыгармаларын окутууда маданияттуулукка тарбиялоонун педагогикалык аспекти;

4. Ч.Айтматовдун чыгармалары Кыргыз киносунун калыптаныш жолу катары;

5. Кыргыз элдик педагогикасынын Ч.Айтматовдун чыгармаларында чагылдырылышы;

6. Ч.Айтматовдун чыгармалары кыргыз искусствосунун объекти катары ж.б.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть