12:11 13 декабря 2018

Курулуш, транспорт жана архитектура университетинде «Мен ачкан Ч.Айтматов» аттуу таймаш болуп өттү

2018-ж. 12-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер» кафедрасы тарабынан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Мен ачкан Ч.Айтматов» деген аталышта студенттер арасында таймаш болуп өттү.

Уюштуруучулардын талабына ылайык Архитектура жана дизайн институтунун студенттери 2 командаларга бөлүнүшкөн, алар: «Ак кеме» жана «Улуу тоо» командалар деп аталып, курамында 7-10 чейин студенттерден түзүлгөн.

Аталган таймаш төмөндөгүдөй тапшырмаларды аткаруудан турду:
- Саламдашуу;
- «Манас» эпосунан үзүндү аткаруу;
- Ч.Айтматовго арналган ырлардан көркөм окуу;
- Акыл таймаш (Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча суроолорго жооп берүү);
- Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү, монолог аткаруу;
- Ч.Айтматов темасы боюнча обондуу ырлардан аткаруу;
- Арт-презентация.

Алгач саламдашуу, андан соң «Манас» эпосунан үзүндү аткарылды, андан соң студенттер Чыңгыз Айтматов чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуу менен улантылды. Акыл таймашта 2 команда бири-биринен кем калышпай, суроолорго так жооп бергенге аракет жасап жатышты. Айрыкча кызыгууну Арт-презентация жаратты, студенттер өз колдору менен жараткан макеттерди, тарткан сүрөттөрүн баяндап беришти.

Таймаштын жыйынтыгында «Улуу тоо» командасы 172 балл, «Ак кеме» командасы 169 балл топтоду. Уюштуруучулар тарабынан эки командага тең Т.Абдымомунов ат. Кыргыз улуттук драмалык театрына спектакль көрүүгө 20 билет белекке берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть