15:23 10 января 2019

ЖАМУнун мугалимдери арасында тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн «Ден соолук - 2019» кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, анда жалпы 6 команда ортосунда таймаш жүрдү.

Спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаевдин айтымында, тогуз коргоол оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети жана кенже тейлөөчү персоналдан төрттөн катышуучу ойноп, жалпы 12 эркек, 12 аял болду. Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:

Эркектер арасында:

1-орун – Медицина факультети (МФ)

2-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)

3-орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ)

Аялдар арасында:

1-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)

2-орун – Табигый-техникалык факультети

3-орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ).

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть