16:51 25 ноября 2019

ОшТУда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата талкуу уюштурулду

Ош технологиялык университетинде СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Көрүнбөгөн көз жаштар» аттуу талкуу болуп өттү.

Талкуу технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин аялдар кеңешинин төрайымы Н.Абдыкалыкова жана кыздар кеңешинин төрайымы А.Токторова тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Оштогу облустар аралык тери-венерологиялык диспансеринин директору Майрамкан Шарипова, Ош облустук кургак учукка каршы борборунун акушер-гинекологу Жанара Шамурзаева, Ош облустук СПИД борборунун врач эпидемиологу Адилет Бурканов келип, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть