27-ноябрда ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев адеп тарбиясы боюнча студенттерге конок лекция өттү.
Сабак эркин форматта болуп, студенттер кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты. Лекцияга ошондой эле профессордук-окутуучулар курамы да катышты.