Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин окутуучусу Гульчехра Абдырахманова «Экономика илимдеринин кандидаты» окумуштуулук даражасына ээ болду.
Г.Абдрахманова ЖАМУнун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын башчысы, экономикал илимдеринин доктору, профессор Аманкул Зулпукаровдун жетекчилиги астында илимий ишин жактаган. Аткарган илимий иштери жогорку аттестациялык комиссияда каралып, «Экономика илимдеринин кандидаты» даражасын алды.
Окумуштуулук даражасын тастыктаган дипломду окуу жайдын ректору Кеңешбек Усенов тапшырып, илим жолунда ийгиликтерди каалады.